"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Электр энергиясына болгон төлөм көтөрүлгөн жок" дейт тийиштүү мекеме

Буга чейин SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына Ош облусунун тургуну кайрылып, электр энергиясына болгон төлөм жогорулап жатканын айтып, буга эмне себеп болуп жатканын сураган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Ошэлектр" ААКсына байланышканда, электр энергиясына болгон баа жогорулабаганын билдирди.

Отун энергетика комплексинин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин бекиткен электр энергиясына болгон тариф:

1) Калк абоненттер үчүн - 700 киловатка чейин 77,0 тыйын, 700 киловаттан жогору – 2,16 тыйын, (бийик тоолуу аймактарда жашаган керектөөчүлөр үчүн 1-октябрдан 1-майга чейин 1000 киловатка чейин – 77,0 тыйын, 1000 киловаттан жогору – 216,0 тыйын).

2) Насостук станциялар – 77,9 тыйын,

3) Өндүрүштүк ишканалар, бюджеттик мекемелер, айыл чарба жана башка керектөөчүлөргө 224,0 тыйын.

"Көрсөтүлгөн бааларда салыктар эске алынган эмес. Тагыраагы 700 киловатка чейин 0,77 тыйын, 700 киловат 30 күнгө берилет. Анын 700/30 күнгө - 23 киловаттан ар бир күнгө. 1 күндө 23 киловаттан көп иштетсе 2,16 тыйындан эсептелет.

Биздин ишкана бекитилген тариф боюнча иш алып барат. Баалар көтөрүлгөн жок, ошол эле бойдон. Ал эми сиздерге кайрылган окурмандын эсеп дүмүрчөгүнүн сүрөтү аркылуу эсептегенде, баа туура эле чыккан. Эч кандай кошулган эмес", - деп жооп берди мекеме.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан