SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман кайрылды. Ал электр энергиясына болгон төлөм жогорулап жатканын айтып, буга эмне себеп болуп жатат деген суроосу жоопсуз калып жатканын билдирди.
"Электр энергиясына болгон төлөм эмне үчүн жогорулады? Мурунку айларда 700 киловаттан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөйт элек, март айында 500 киловаттан ашса 2 сом 16 тыйындан эсептелинип келиптир", - деп билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.