2020-жылдын 1-январына карата алынган статистикага ылайык, Кыргыз өлкөсүндө 6 миллион 500 миң адам жашайт. Алардын ичинен 3 миллион 300 миңи аялдар жана 3 миллион 200 миңи эркектер. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин атайын иликтөөсүндө маалымдалды.
Кыргыз өлкөсүндөгү аялдар жана эркектер жөнүндө фактылар:
- Аялдар эркектерге салыштырмалуу 8 жылга узагыраак жашайт;
- Жыл сайын эркек балдарга караганда кыздар аз (100 кызга 105 эркек бала) төрөлөт.
- Бирок 40 жаштан баштап аялдардын саны эркектерге караганда көбүрөөк болору белгилүү болду;
- Ал эми 80 жаштан кийин, аялдардын саны дээрлик 2 эсеге көп жана 100 аялга 55 эркек туура келет;
- 2019-жылы аялдардын өмүрүнүн узактыгы орточо 76 жашты, ал эми эркектердин 68 жашты түзгөн;
- Орточо эсеп менен алганда эркектер айымдарга салыштырмалуу аптасына 5 саатка көп иштешет. Шаарда дээрлик айырмачылык жок: эркектер аптасына 43 саат, ал эми аялдар 41 саат сарпташат. Айырмачылык айыл жергесинде байкалат. Анда эркектер аптасына 38 сааттан, ал эми аялдар 30 сааттан иштешет.