Европа өлкөлөрү коронавируска каршы "AstraZeneca" вакцинасын колдонууну токтотушууда

Европанын жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө коронавируска каршы "AstraZeneca" вакцинасын колдонууну токтотуп жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, вакцинаны алган соң оорулууларда кан уюп калгандыгы жөнүндө билдирүүлөрдөн кийин Европа бирлигинин бир катар өлкөлөрү, анын ичинде Австрия, Эстония, Литва, Люксембург, Латвия, Дания, Болгария, Норвегия, Исландия, Словения, Кипр, Италия, Франция, Германия жана Испания бул вакцинаны колдонууну токтотушкан. Вакцина Европа бирлигинде колдонуу үчүн европалык дары-дармектерди жөнгө салуучу мекеме тарабынан бекитилген.

"AZD1222" вакцинасы "AstraZeneca" фармацевтикалык компаниясы тарабынан Оксфорд университетинин окумуштуулары менен биргеликте иштелип чыккан. Вакцина менен тромбоздун ортосундагы себептик байланыш азырынча далилдене элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан