Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына кандай баа берди? Бул тууралуу ал "Азаттыкка" маек берип жатып билдирди.
"Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы жакшы эле иштеп беришти. Октябрь окуяларында качып кетпестен иш алып барышты. 2010-жылы "Ак-Жол" партиясынын жарымы качып кетип, бир жыл бою конституциялык талааларга кире албай жүрдүк. Бул парламент октябрь окуяларында тынчтыкты сактаганга жардам берди. Булар чоң-чоң иштерди жасады. Бүгүнкү күнү эл Жогорку Кеңешти сындашы мүмкүн. Бир топ убакыт өткөндөн кийин бүгүнкү парламент жасаган иштер тарыхта калат", - деди ал.