Ирактан 79 кыргыз бала мекенге алып келинди (сүрөт)

Ирак Республикасынан 79 кыргыз бала мекенине алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдар 16-мартта «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында өлкөгө атайын борт менен учуп келишкен. Бул гуманитардык миссия өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу абалга кабылган жана мамлекет тарабынан коргоо укугуна ээ болгон балдарды куткарууга багытталган алгачкы репатриациялык иш-чара экендиги белгиленди.

"Ирак тарап менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин балдарды мекенине кайтарууну даярдоо боюнча тийиштүү иш-чараларды өткөрүү үчүн февралда атайын жумушчу топ жөнөтүлгөн. Балдарды кайтаруу өлкөдөгү бир катар мамлекеттик органдар жана Бириккен улуттар уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан көрсөтүлгөн олуттуу жардамдын негизинде жүзөгө ашырылды.

Балдарды алып келүү алардын Иракта калган энелеринин жана балдарды тарбиялоого макулдугун берген туугандарынын уруксаты менен ишке ашырылды", - деп жазылган маалыматта.

Мекенине кайтарылган балдарга Кыргыз өкмөтү тарабынан ар тараптуу жардам бериле турганы да маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Mirlan27011987
2021-03-16 13:05:24
Жаштарга бир гана светтик тарбия жана билим бирилиши керек. Жаш балдар үгүттөөнүн жардамы менен оңой эле диний радикалдарга баш ийүүгө, өзүнүн ой пикири жок болууга үйрөтүлөт. Светтик билим аркылуу өз алдынча ой жүгүртүү жана жаңы идеяларды жаратуу жөндөмүнө үйрөтөлүк.
-12
nursinazar
2021-03-16 13:57:32
Mirlan27011987,Ошол диний сабатсыздыктын кесепетинен радикал уюмдарды ээрчип кетүүдө. Илим ар тараптуу берилиш керек, ошондо гана адам чексиз ой-жүгүртүүгө ээ болот!
+14
zhazgul98
2021-03-16 14:32:03
nursinazar,
Диний адамдар Дин аркылуу орто кылымды идеялдаштырууну коздоп жатышат, жок дегенде кийим кече аркылуу орто кылымга кирип, орто кылымдагы тушунукторду жайылтып жатышат. Буга жол жок
-3
Mister-XXX
2021-03-16 15:16:17
zhazgul98,Өтө жаш кыз окшойсун.Сен тиги Мирлан экөөң топташ ойногулачы.Силер саясат,динге аралашканга азыр эрте.Баргыла ананып кетейиндер,чондордун сөздөрүнө аралашпай,ойноп тургула.
+5
noeli
2021-03-17 08:09:36
nursinazar,динди туура тушунгонго да билим керек негизи.
+1
nursiyanur
2021-03-16 13:47:40
Булгар апалары мн кошо келиптирби?
+4
Aky12
2021-03-16 17:32:19
nursiyanur,жоок, апалары калыптыр
0
Dolon-3008
2021-03-16 17:07:32
Бул кандайча балдар кандайча Ирака барып калып жатат???? Же жээндер болобу???
0
JaneEr
2021-03-16 18:30:24
Сирияга,Иракка барбай кысчу жерин кысышса...
+3
bond0202
2021-03-16 18:53:57
Тушундуруп жазса болбойбу?кандай балдар,не себептен ал жакта журушот
+3
Sajakat14
2021-03-16 21:28:14
Кымындай кыздарга кемпирлердикиндей жоолук салып коюшуптур.
0
prorab
2021-03-17 09:59:40
АЛЛАХГА даңк, жана мактоолор болсун, бул күнөөсүз наристелерди өз өлкөбүздө асырап алары, булар биздин келечегибиз эмеспи.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан