Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы драма театрдын концерттен кийин таштандыга толгон абалы тартылган видео социалдык тармакка тарады.
Аталган видеону тарткан адам залдагы абалга зээни кейип, "Гүлжигит Сатыбековдун концертинен кийинки Барпы Алыкулов атындагы театрдын абалы. Маданиятыбыз өнүкмөйүн, өлкөбүз өнүкпөйт", - дегенин угууга болот.
Белгилей кетсек, буга чейин Баткен облусундагы мамлекеттик театрдын ичи концерттен кийин желим баштык, бөтөлкөлөргө толуп калганы талкууга түшкөн.