Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков өткөн жылдын 4-августунда күчүнө кирген, бирок ушул күнгө чейин аткарылбай келе жаткан "Мекен карта" демилгесин ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Чет элдик жарандыгы бар мекендештердин укуктук макамын жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү керек. Мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк жарандыгы бар макамына ээ адамдарга белгилүү бир укуктар жана жеңилдиктер берилет. Биз аларды мындан ажыратпашыбыз керек".
Талкуунун жыйынтыгында бир аптанын ичинде "Мекен картаны" өндүрүү, ошондой эле тиешелүү автоматташтырылган маалымат тутумун иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча каржы-экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү тапшырылды.
"1-апрелге чейин бардык юридикалык процедураларды бүтүрүү керек жана 1-сентябрдан баштап "Мекен картаны" берүүнү баштоо зарыл".
"Мекен карта" бул чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин макамын тастыктаган, мамлекеттик маанидеги документ.
Бул демилге ишке кирсе, чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештер төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүккө ээ болушат:
- визасыз кирүү/чыгуу;
- жашап турууга уруксат албастан, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоо;
- эмгек визасын жана жумушка уруксат албастан ишмердүүлүк жүргүзүү;
- жөнөкөйлөштүрүлгөн формада жашаган жери боюнча каттоо (чек арадан өткөн учурдан тартып 90 жумушчу күндүн ичинде);
- медициналык жана билим берүү кызматтарын башка кыргызстандыктар менен бирдей негизде алуу;
- жер үлүшүнө же участокко (эгер ал мураскор болсо) укук пайда болгондон тартып, аны Кыргыз Республикасынын жаранына ээликтен ажыратканга чейин 10 жыл бою.
Эске салсак, бул макам мурдагы жарандарга, алардын балдарына жана неберелерине, ошондой эле Кыргыз ССРинде туулган чет элдиктерге, ошондой эле алардын балдары жана неберелерине берилиши мүмкүн.
Мындай статусту Кыргыз өлкөсү менен чектешкен өлкөлөрдүн жарандары ала албайт.