Мэрия: "Борбор калааны жарыктандыруу иштери уланууда"

"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын командасы калаанын бардык райондорунда жарык орнотуу жана оңдоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, Биринчи Май районунун Лумумба көчөсүнөн баштап Кайназарова көчөсүнө чейин 12 чырак жарык берип жатат.

"Ленин районунун Омский тар көчөсүндө Матыев көчөсүнөн Абдыкадыров көчөсүнө чейин 200 метр электр чубалгылары тартылып, чырактар коюлду. Нехимов көчөсүнө Красная көчөсүнөн баштап Матыев көчөсүнө чейин чырактар жандырылды жана орнотулду.

Свердлов районунун тургундары үчүн Токтогул көчөсүнө Горький көчөсүнөн баштап чыгышты көздөй чырактар коюлуп, электр чубалгыларын оңдоо иштери жүргүзүлдү", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Мусоргский, Боталиев көчөлөрүндөгү чырактар жана электр чубалгылары текшерилди.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан