Эски замандан келечекке түшүп калган баатырдын окуясын чагылдырган "Эки баатыр" тасмасы элге көрсөтүлдү

16-мартта Бишкектеги кинотеатрлардын биринде "Эки баатыр" тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү. Иш-чарага көрүнүктүү актёрлор, маданият өкүлдөрү жана шаар тургундары келишти.

"Эки баатыр" тасмасы өлкөдөгү чириген делген системаны, чоңдордун уурулугун, паракорчулугун баяндайт. Анда тээ байыркы хан мезгилиндеги баатыр учурдагы жаңы заманга түшүп калып түшүнө да кирбеген окуяларга туш болот. Эр жигиттин намысын, элдин биримдигин, өлкө үчүн күйгөн мекенчилдикти чагылдырган тасма ар бир көрүүчүнүн патриоттуулук сезимин ойготот.

Тасманын режиссёру Руслан Акундун айтымында, киного бир гана эл баа берет.

"Биздин жамаат бул тасмага болгон күчүбүздү жумшадык, эми мындан ары эл сынайт. Эгерде тааныштарыңыздар тасманы көрүп "жакшы кино экен" деп сунуштаса, демек, жакшы, "кереги жок барбай эле койгула" десе, анда ошондой. Тасманы миң мактаган менен ар бир көрүүчү өзү аныктап алат", - дейт ал.

Ал эми тасмадагы башкы каармандын бири Шумкарбек Бейшеналиев буларга токтолду:

"Буга чейинки тасмаларда биздин максат элди күлдүрүү, маанайын көтөрүү болсо, мында кыргыз жигиттеринин патриоттуулугун ойготолу деп чечтик. Өлкөбүз эч жерге сатылбасын, ата-бабаларыбыз аманат кылып калтырып кеткен жерди намыстуулук менен сактап калалы, өз жерибизде жыргап жашайлы деген маанини бергибиз келди", - деп билдирди Шумкарбек.

"Эки Баатыр" тасмасынын бет ачары
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан