Дүйнөнү дүрбөлөңгө салып, түрдүү божомолдорду, "легендаларды" жараткан коронавирус илдети бир жыл мурда дал ушул күнү, атап айтканда 18-мартта Кыргыз өлкөсүндө дагы катталган. Башка өлкөлөр менен алака-катышта болуп, дүйнөнүн бир кичинекей бөлүгү экенибизди аңдап билсек дагы, аты жаман илдет өлкөбүзгө келбечүдөй сезилген. Тилекке каршы, "эскертпей келген конок катары" кабыл алып, аны менен күрөшө баштадык, али да күрөшүп жатабыз.
Коронавирустан көз жумгандардын арасында дарыгерлерден тартып орто жана кенже кызматкерлерге чейин бар. Расмий эсеп боюнча, өлкөдө 4208 медкызматкер жумуш учурунда COVID-19 вирусун жугузуп алса, алардын ичинен 4195и айыгып чыккан.
SUPER.KG порталы ошол учурда иштеген дарыгерлердин айрымдары менен байланышып, маек алды.
Элдин батасын алдык...

Токмок шаарындагы ооруканада медайым болуп иштеген
Шаарбан Убраимова коронавирус менен жан аябай күрөшкөн дарыгерлердин бири. Ал эпидемия башталгандан кийин темирдей катуу тартипке баш ийип, дем алышсыз иштегенин айтып берди.
“Коронавирус менен ооруган акыркы бейтаптарыбызды 12-январь күнү чыгардык. Пандемия учурунда жумушубуз аябай оор болду. Вирус жугузуп алган өнөкөт оорусу барлар көз алдыбызда абдан кыйналып жатты. Дем ала албай кыйналган бейтаптарды көрүп ыйлаган күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Күн бою коргонуучу формаларды кийип жүрүү деле оор болчу. Ооруканада иштеген баарыбыз вирус менен жабыркадык. Азырынча кенемте төлөнө элек”.
Медайым өлкөдө кырдаал курчуп турганда ыктыярчы жаштарга жана жалпы эле жарандарга абдан ыраазы болгонун айтат. Анткени вирус менен жабыркаган бейтаптарга кычкылтек жетишпей кыйналып турганда ыктыярчылар бекер жеткирип турган.
“Эл ыктыярдуу түрдө муктаждарга азык-түлүк, акча жактан жардам берип жатса, мен колдон келген жардамым ушул болсун деп дем алыш күндөрү да элдерге тамчылатма коюп же ийне сайып берип жаттым. Үй-бүлөмө ыйласам да, кыйналсам да билгизбей иштей бердим. Бул нерсени медициналык сыр деп коёт бизде. Өзүмдүн кесибимди абдан сүйөм. Өлкөдө болуп жаткан оор кырдаалда мен да вирустан жабыркагандарга колумдан келген жардамымды бергениме сыймыктанам”.
Өлкө боюнча күнүнө 80-100 адам кайтыш болуп турган күндөр өттү...

Бишкектин Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгеры
Бахтияр Алимбаев Ганси аскердик базасындагы обсервацияда иштеген. Ал коронавирус чыккандан баштап вирус менен күрөшүү дүйнөлүк практикада кандай болуп жатат деп интернеттен окуп, изилдеп даярданганын айтат. Бирок практика жүзүндө калктын массалык түрдө ооруп калышы дарыгерлердин үрөйүн учурганын айтып берди.
“Башында эл ишенбей жатты. Бири "саясий оюн" десе, башкасы "бийлик бизди алдап жатат" деди. Вирус күчөп турган убакта өлкөдө таасирдүү, белгилүү адамдар каза болуп калгандан кийин баары коркуп "бул чын окшойт" деп калышты. Бир жолу кезек алмаштырууга дарыгерлер жетишпей, үч кесиптешим менен 24 саат бою коргонуучу кийимдер менен жүрдүк. Ооругандар менен алектенип жүрүп бир сутканын кантип өткөнүн билбей калыптырбыз.
"Ал күндөрдү эстегенде азыр да көз алдыма бүтпөгөн кезек, жакындарын жоготкондордун көз жашы, калк үчүн күйүп-жанган ыктыярчы жаштар келет. Өлкө боюнча күнүнө 80-100 адам кайтыш болуп турган күндөр эле. Алгач бул сунушту алганымда коркуу сезими болду. Бир жагынан элге кызмат кылам деген эрктүүлүк басымдуулук кылды окшойт, каршы болбостон эле жөнөп кеттим".
Бир туугандарыма зыяным тийип калбаса экен деп ...

Вирус менен күрөшүү үчүн дарыгерлер гана эмес, бүт эл жапа тырмак киришип жардам берди. Алардын арасында өз ыктыяры менен Ош шаардык ооруканасында иштеген медициналык окуу жайдын студенти
Бедина Жоробаева да бар. Ал ата-энесинин каршы болгонуна карабай, өзүнүн каалоосу менен "кызыл зонага" кирген.
“Мен ыктыярчы болуп иштейм деп эч кимге айтпай жазылып койгом. Ооруканага чакырышканда үй-бүлөм аябай каршы болду. Анткени дал ошол учурда Бишкекте "кызыл зонада" иштеген Адинай Мырзабекова деген студент кыз каза болуп калган кез болчу. Бирок мен корккон жокмун. Ден соолугума, күчүмө, жаштыгыма ишендим. Болгону "кызыл зонадан" чыккандан кийин бир туугандарыма зыяным тийип калбаса экен деп кооптондум”.