Кечээ, 16-март күнү Ирактан 79 кыргыз бала мекенге алып келинди. Балдардын мындан кийинки тагдыры кандай болот? Энелери кайда? Ушул суроолор менен укук коргоочу Азиза Абдирасуловага SUPER.KG порталы байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.
"Балдар бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан атайын даярдалган реабилитациялык борбордо. Алар менен медициналык кызматкерлер, психологдор иш алып барышат. Бул жагынан мамлекет эң туура камкордук көргөн. Мындан кийинки иш-аракеттер эң биринчи балдардын документтерин калыбына келтириши керек. Кыргыз өлкөсүнөн тышкары төрөлгөн балдарга документтерди даярдоонун жаңы жолдорун колдонсок жакшы болот. Мындай жолдор мурун Казакстан, Өзбекстанда, Тажикистанда практикаланган. Алар балдарды документтештирүү жагын ыңгайлуу кылып чечишкен.
Балдар туугандарына берилип, үй-бүлөдө чоңойгондору жакшы. Буга чейин мамлекет тарабынан иш-чаралар жүргүзүлгөндө, туугандары менен да түздөн-түз сүйлөшүүлөр болгон. Ата жана апа тарабынан туугандары макул болгондор менен алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, туугандары балдарды кабыл алууга дээрлик бардыгы даяр.
Алып келинген балдардын энелери Багдаддын түрмөсүндө калышты. Алар ар кандай мөөнөткө жазага тартылышкан. Арасында өлүм жазасына тартылгандары бар. Бул деген Кыргыз өлкөсү менен Ирактын ортосунда гана эмес, керек болсо эл аралык деңгээлдеги көп тараптуу маселе. Бириккен улуттар уюмунун, балдардын укугун коргоо комитеттеринин деңгээлинде иш алып баруулары зарыл. Бул көп тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин чечилет. Себеби бир гана Кыргыз өлкөсүнүн аялдары эмес, дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнөн ар кандай тагдырга дуушар болуп барып калган аялдар Ирактын түрмөлөрүндө кармалып турушат. Бул маселе көп тараптуу, өтө жогорку деңгээлде чечилиши зарыл", - деди Абдирасулова.
Белгилей кетсек, балдар 16-мартта "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында өлкөгө атайын борт менен учуп келишкен.