Мындан бир жыл мурда өкмөт чукул жыйын өткөрүп, коронавирус илдети Кыргыз өлкөсүнө жеткени айтылган. Ошол кездеги саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Жалал-Абадда умра зыяратынан келген 3 жарандан коронавирус аныкталганын жарыялаган.
Илдет өлкөгө келгенден бери канча саламаттыкты сактоо министри алмашканын SUPER.KG порталы тизмектеп чыкты.
Космосбек Чолпонбаев менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков бошоткон. 31-мартта Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде коронавирус жугузуп алган жарандарды өз маалында аныктабагандыгы үчүн тиешелүү мекеме жетекчилерин сынга алган. Жогорку Кеңеште алардын ордуна талапкерлер сунушталып жатканда, ошол учурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Алтынай Өмүрбекова, Космосбек Чолпонбаев жакшы иштешти" деген баасын берген. Айрым депутаттар өлкөгө коронавирустун жайылып кетишине байланыштуу алардын жоопкерчилигин кароо керектигин айтышкан.
Космосбек Чолпонбаев пандемия учурунда шалаакылык жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган. Кийин анын жүрөгүнө операция жасалып, бир канча убактан кийин анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыккан. Алтынай Өмүрбекова дагы Финполго сурак берген.
Вице-премьер-министрликке Аида Исмаилова, саламаттыкты сактоо министри кызматына Сабиржан Абдикаримов дайындалган.
Октябрь окуяларынан кийин Сабиржан Абдикаримов өкмөттүн курамына кирген эмес. Ал эми эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованын талапкерлиги көрсөтүлгөн. Бирок Исмаилова депутаттар тарабынан сындалып, Жогорку Кеңештин элегинен өтпөй калган.
Сабиржан Абдикаримовдун ордуна Алымкадыр Бейшеналиев дайындалып, вице-премьер-министрликке Эльвира Сурабалдиева келген.
Кийин өкмөттүн жаңы курамы куралганда вице-премьер-министрлик кызматы жоюлган. Эльвира Сурабалдиева өкмөттүн курамына кирбей калган. Алымкадыр Бейшеналиев болсо саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри кызматын бүгүнкү күнгө чейин аркалап жатат.