Бүгүн, 17-марттан 18-мартка караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын алгачкы жооптук оюндары өтөт. Бүгүнкү оюнда 1/8 финалга чыккан 4 команда кез келет.
Оюндардын тизмеси: "Бавария" (Германия) - "Лацио" (Италия);
"Альянц Арена" стадиону (Мюнхен шаары, Германия);
Башкы калыс: Иштван Ковач (Румыния).
Бул эки команданын алгачкы оюну 24-февралда өтүп, анда 1:4 эсебинде "Бавария" клубу жеңишке жеткен.
"Челси" (Англия) - "Атлетико Мадрид" (Испания);
"Стэмфорд Бридж" стадиону (Лондон шаары, Англия);
Башкы калыс: Даниэле Орсато (Италия).
Бул эки команданын алгачкы оюну дагы 24-февралда өтүп, анда 0:1 эсебинде "Челси" командасы жеңишке жеткен.
Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат.