5-класстын окуучусунун мыкаачылык менен өлтүрүлүшү: "Маркумдун агасы күбө катары суралат"

Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо жаңы конушунда 5-класстын окуучусун мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен. Учурда каза болгон баланын 10-класстагы агасы Озерное айылынан табылып, милиция бөлүмүнө алынып келинди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы булактар билдиришти.

"Азыр каза болгон баланын үйүндө эч ким жок. Баланын агасы табылды. Азыр маркумдун апасы, туугандары жана агасы Биринчи Май РИИБинде. Агасы азыр күбө катары суралмакчы", - деди өздүк булак.

Буга чейин аталган үй-бүлөнүн 10-класстагы баласы изделип жатканын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Simels
2021-03-17 19:19:28
Шумдугуң кургур!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан