Дүйнөнү дүрбөлөңгө салып, түрдүү божомолдорду, "легендаларды" жараткан коронавирус илдети бир жыл мурда дал ушул күнү, атап айтканда, 18-мартта Кыргыз өлкөсүндө дагы катталган. Башка өлкөлөр менен алака-катышта болуп, дүйнөнүн бир кичинекей бөлүгү экенибизди аңдап билсек дагы, аты жаман илдет өлкөбүзгө келбөөчүдөй сезилген. Тилекке каршы, "эскертпей келген конок катары" кабыл алып, аны менен күрөшө баштадык, али да күрөшүп жатабыз.
Аталган илдет менен күрөшүп жатканыбызга бүгүн бир жыл толду. Бул аралыкта көңүл жылытарлык эмне деген гана окуялар орун албады, кандай гана жагымсыз жагдайлар жаралбады. Тилекке каршы, канчалаган көңүлдөр бөксөрүп, өмүрлөр кыйылды...
Бир жыл ичинде орун алган коронавируска тиешелүү урунттуу окуяларды, статистикалык маалыматтарды сунуштайбыз.
Бир жыл мурун. 2020-жылдын 18-мартында өлкөдө коронавирус илдети катталганы расмий түрдө тастыкталган.
Алгач социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунда коронавирус катталганы тууралуу маалымат тараган. Анда умра зыяратынан келгендерден вирус аныкталып, алар жашаган көчө толугу менен карантинге алынганы айтылган. 2020-жылдын 18-мартында өкмөт үйүндө өтүп жаткан жыйында Сауд Арабиядан кичи ажылык зыяратынан келген жана коронавирус жуктуруп алганы аныкталган 3 Кыргыз жараны карантинге алынганы тастыкталган.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында 24-мартта экс-перзидент Сооронбай Жээнбеков "Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Ал эми жакшы жаңылык угууну эңсеп отурган калкка COVID-19 диагнозу менен жаткырылган бейтаптардын алгачкысы 3-апрелде Баткен облустук ооруканасынан илдеттен айыгып үйүнө чыгарылганы маалымдалган.
Өлкөдө алгачкы жолу 3-апрелде коронавирус илдетинен Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап оорудан каза болгону айтылган.
Ал эми коронавирус илдетинин кесепетинен эзели кыймыл токтобогон шаңдуу калааларыбыз бир заматта кулак-мурун кескендей тынчтыкка бөлөндү да калды.
Өлкөдө бир жыл ичинде, тагыраагы, 2020-жылдын 18-мартынан баштап 2021-жылдын 17-мартына чейин 87 миң 45 адам коронавирус илдетин жуктуруп алган. Алардын ичинен:
Айыккандар боюнча
Коронавирустан жалпы айыккандардын саны: 83 миң 980 бейтапты түздү.
Республика боюнча дарыланып жаткандар
Бүгүнкү күндө республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 333 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 307 бейтап бар.
Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны:
Стационарда дарыланып жаткан 333 бейтаптардын ичинен:
Амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны:
Каза болгон бейтаптар боюнча маалымат
Республика боюнча коронавирустан каза болгондордун (бир жыл ичинде) жалпы саны 1 миң 485 кишини түздү. Анын ичинде:
Медицина кызматкерлери боюнча
Жалпысынан республика боюнча медицина тармагынын 4 миң 208 кызматкеринен COVID-19 диагнозу аныкталды. Республика боюнча – 4 миң 195 медицина кызматкери илдеттен айыкты.
* Эскерте кетчү жагдай, жогорудагы маалыматтар 17-мартка карата алынды.