24-мартта коронавируска байланыштуу өлкөнүн бир катар аймактарына өзгөчө абал режими кирген. Анын ичинде Бишкек шаары да бар. Күндүз жашоочуларга себепсиз көчөгө чыгууга тыюу салынган. Коомдук транспорт толугу менен токтотулган. Бүгүн карантин жарыялангандын 3-күнү, шаар бир топ өзгөрдү. Тынч жана таза.
SUPER.KG порталы шаардын бүгүнкү көрүнүшүнө бийиктен көз салды. Анда имараттар, шаар көчөлөрү эс алып жаткандай туюлат.