Бүгүн, 18-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын акыркы жооптук оюндары өттү.
Анда Англиянын белгилүү "Челси" командасы өз үйүндө күчтүү делинген "Атлетико Мадрид" клубун кабыл алды. Оюн 2:0 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады. Эки оюндун жыйынтыгы менен жалпы эсеп 3:0 болуп, "Челси" турнирдин чейрек финалына өттү.
"Челси" (Англия) - "Атлетико Мадрид" (Испания) (2:0);
Голдор: Хаким Зиеш (34-м), Эмерсон (90+4-м).
Экинчи жупта Германиянын "Бавария" клубу өз үйүндө Италиянын "Лацио" командасын кабыл алды. Кызыктуу оюндун жыйынтыгы менен үй ээлери 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Эки оюндун жыйынтыгы менен жалпы эсеп 6:2 болуп, "Бавария" татыктуу түрдө чейрек финалга чыкты.
"Бавария" (Германия) - "Лацио" (Италия) (2:1);
Голдор: Роберт Левандовский (33-м), Эрик Шупо-Мотинг (73-м), Марко Пароло (82-м).