Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор 11-апрелге белгиленген. 28 шаардык кеңеште жана 420 айылдык кеңештерге шайлоо өтөт.
Жалал-Абад шаардык кеңешке 5 партия аттанып жатат. Бул партияларды шайлоодо кимдер жетектеп барат?
- "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы - Заттарбек Боронбаев;
- "Бүтүн Кыргызстан" партиясы - Эркин Орозобеков;
- "Нур" партиясы - Бакыт Борошов;
- "Өнүгүү-Прогресс" партиясы - Майрамбек Адылбеков;
- "Ыйман Нуру" партиясы - Түгөлбай Сейдалиев.