Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн жергиликтүү мамлекеттик район акимдеринин жана алардын орун басарларын аттестациялоо жыйынтыкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, кечээ, 18-мартта райондордун акимдери аттестациялоодон өтүп, жыйынтыгы чыкты.
"Аттестациялоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн 18 талапкерден экөө 50 пайыздык босого баллды албай калгандыгына байланыштуу аттестациянын кийинки этабы болгон комиссиянын мүчөлөрү менен өтүүчү аңгемелешүүгө киргизилген жок.
Аттестациянын жыйынтыктоочу этабы болгон аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:
Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча өкмөткө аттестациялык комиссия тарабынан сунуш киргизилет", - деп жазылат маалыматта.