Унаасын карызга алып, акчасын бербей, кайра аялды өлтүрөм деп коркуткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

2021-жылдын март айынын ортосунда ички иштер органдарына арыз келип түшүп, анда мурда бир нече жолу соттолгон адам аялды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген факты боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранышкан.

Арызында аялдын чала таанышы ишенимине кирип, анын баасы 5 миң доллар турган Toyota унаасын сатууга көндүрүп, акча каражатын карызга алган.

Андан соң карызга алган акча каражатын кайтарып берүүнүн ордуна аны ар дайым аңдып, өлтүрөм деп коркутуп, стресс абалына жеткирген. Анын кесепетинен аял өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө ИИМдин криминалдык милиция кызматы кылмыш ишине тиешеси бар адамдын аты-жөнүн аныктап, кармаган. Кармалган жаран мурда соттолгон Ош облусунун Кара-Суу районунун 1983-жылы туулган тургуну болуп чыккан.

Алынган маалымат боюнча ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zam81
2021-03-18 20:08:27
Кармап эле жатышат баары чорный болуп кеткемби кыргызымдын жигиттери
+2
Rahim76
2021-03-19 00:14:56
zam81,Жамбаштан алдын созду
+1
didu
2021-03-18 21:22:11
Кыйналып соттоп аны багып отурбай биржансыл кылып салгыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан