Өлкөдө Абхазия Республикасынын мамлекеттик номери менен жүргөн 10 автоунаа айып короосуна жеткирилди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ЕАЭБдин бажы аймагына бажы көзөмөлүндө турган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз өлкөсүнө мыйзамсыз ташылышын жана алардын эксплуатациялоосун токтотууга багытталган иш-чаралар планы ишке ашырылды.
"16-марттан тартып Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик жол кыймылынын камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен бирдикте Кыргыз жарандарынын башкаруусундагы Абхазия Республикасынын мамлекеттик номерлүү автоунаалары токтотулган.
ЕАЭБ Бажы кодексинин 264 жана 275-беренелеринде көрсөтүлгөн ЕАЭБдин бажы аймагына убактылуу ташып келинген транспорт каражаттарын пайдалануунун шарттарын сактабагандыгына байланыштуу Абхазия Республикасынын мамлекеттик номурлуу автоунаалары "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын аймагында жайгашкан бажы көзөмөл аймагына жеткирилген. Жалпы 10 автоунаа кармалды.
Аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар мыйзамга ылайык тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүп берилди", - деп жазылат маалыматта.