Жарандык активист Тилекмат Куренов ачкачылыгын улантууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына саясатчы Жеңиш Молдокматов билдирди.
Анын айтымында, Куреновдун абалы жалпысынан жакшы. Молдокматов бүгүн, 19-мартта Акыйкатчы институтунан адистер кирип чыкканын билдирип, алардан сырткары эч кимди, жада калса жактоочусун дагы киргизбей жатышканын белгиледи.
"Тергөө жүрүп жатканына байланыштуу бизди киргизбей жатат. Өзүнүн айтуусу боюнча, ал абактагы болгон жагдайларга нааразычылыгы жок. Ачкачылык уланууда, бүгүнкү менен үчүнчү күн кетип жатат. Албетте, ачкачылык жарыялаган адамдын абалы жакшы эмес да. Биздин сарсанаа болгонубуз, эгерде адам сыртта туруп ачкачылык жарыяласа, адистер карап текшерип, жакындары көрүп турат да. Азыр убактылуу кармоочу жайда карантин деп бул нерсе мүмкүн болбой жатат. Жалпысынан акыбалы жакшы эле", - деп билдирди ал.
Эске салсак, 17-мартта баш коргоо чарасы каралып жатканда ачкачылык жарыялаганын билдирген.
Ага чейин Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Тилекмат Куреновдун баш коргоо чарасы каралып, ал бир айга камакка алынган. Ал эми Жеңиш Молдокматов Тилекмат Куренов социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн кармалганын билдирген. Социалдык тармактагы билдирүүсүндө бийликти кулатууга чакырыктар бар деген негизде кармаганы белгилүү болгон.