Акыйкатчы институту: "Тилекмат Куренов эч качан бийликти күч менен басып алууга чакырган эмес"

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Тилекмат Куренов кармалгандан бери эки жолу барышты. Бул тууралуу Акыйкатчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жарандык активист кармоо шарттарына эч кандай нааразычылыгы жок жана кыйноого кабылбагандыгын билдирген.

"Ал убактылуу кармоо жайына 15-мартта саат 16:00дө алынып келген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси "бийликти күч менен басып алууга чакырыктар", 264-берене "массалык баш аламандык", "кылмыш кылууга аракет кылуу" боюнча айыпталууда.

Сүйлөшүү учурунда Тилекмат Куренов Свердлов районунун сотунун чечимине, тагыраагы, баш коргоо чарасын камакка алууну тандаганына нааразычылыгын билдирип, ачкачылык жарыялаганын айткан. Ошондой эле социалдык тармактар ​​аркылуу бийликтин ишин сынга алганын, бирок эч качан бийликти күч менен басып алууга чакырбаганын белгиледи.

Маалымат үчүн: Тилекмат Куренов үй-бүлөлүү, эки баласы бар - улуусу 4 жарым жашта, кичүүсү 7 ай. "Республика" партиясынын мүчөсү, Жетим-Тоону өнүктүрүү боюнча жана парламентти таркатуу боюнча коомдук кыймылдардын активдүү катышуучусу", - деп билдиришти.

Белгилей кетсек, 17-мартта Куреновдун баш коргоо чарасы каралып жатканда ачкачылык жарыялаганын билдирген. Бүгүнкү күндө ал ачкачылыгын улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bayern-munchen
2021-03-19 20:17:07
тойгозду ушуга окшогон бок мурун майда саясатчылар 500 бомжга акча берип митинг кылышып туура кылат камап салсын буга кошуп Жанар Акаев менен катынга окшогон Мадумаровду кошо камаса жакшы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан