"Бир дагы өлкө вируска каршы өз алдынча күрөшө албайт". Өлкөгө COVID-19га каршы кытай вакцинасы келди

Өлкөгө Кытай Эл Республикасынан акысыз негизде COVID-19га каршы вакцина келди. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 150 миң доза "SinoPfarm" вакцинасы өлкөгө жеткирилди. Гуманитардык жардамды кабыл алуу иш-чарасына премьер-министр Улукбек Марипов катышты.

"COVID-19 пандемиясы көрсөткөндөй, бир дагы өлкө вируска каршы өз алдынча күрөшө албайт. Кыргыз Республикасы коронавирус инфекциясына каршы жеке күч-аракети, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн көмөгүнө таянуу аркылуу күрөшүүдө. Кытай мамлекети өз жериндеги жөнөкөй эмес эпидемиологиялык абалга карабастан, кыргыз элине олуттуу гуманитардык көмөк көрсөтүүсүн улантууда", - деди Улукбек Марипов.

Өз кезегинде Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвэнь гуманитардык көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Кытай тараптын кыргыз тарапка вакцинаны акысыз негизде берүү тууралуу чечими эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди билдирет жана Кыргыз-Кытай мамилелеринин, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүгүнүн жогорку деңгээлин көрсөтүп турат. Вакциналар Кыргыз тарапка эпидемияга каршы күрөшүүдө жана кыргыз элинин ден соолугун, өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоого жардам берет деп ишенемин", - деди элчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан