Көк бөрү: "Бакубат Талас" командасы Биринчи Лигада 3-орунду ээледи

Бүгүн, 20-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча Биринчи Лиганын үчүнчү оруну үчүн оюн болуп жатат. Ат майданына Талстын "Бакубат Талас" командасы менен Чүйдүн "Сокулук" командасы күч сынашты.

Оюн жандуу өтүп, командалар өзүнүн мыкты даярдыгын көрсөттү. Негизги убакыт ичинде командалар оюнду 6:6 эсеби менен жыйынтыктаганына байланыштуу "алтын упай" эсептелген кошумча 10 мүнөттүк убакыт берилген. Бирок кошумча убакытта да эсеп саны өзгөрбөгөнүнө байланыштуу буллит орун алды.

Буллиттин жыйынтыгында, Таластын "Бакубат Талас" командасы 3:0 эсеби менен жеңишке жетип, Биринчи Лигада 3-орунду камсыздай алды.

Кийинки оюнда Жогорку Лиганын 3-оруну үчүн Оштун "Ала-Тоо" жана Чүйдүн "Сары-Өзөн" командалары кез келет.

"Ала-Тоо" "Сары-Өзөндөн" утулса, "Бакубат Талас" Биринчи Лигада 3-орунду алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан