Бүгүн, 20-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча Биринчи Лиганын үчүнчү оруну үчүн оюн болуп жатат. Ат майданына Талстын "Бакубат Талас" командасы менен Чүйдүн "Сокулук" командасы күч сынашты. Жыйынтыгында "Бакубат Талас" буллиттен 3:0 эсебинде жеңишке жетишти.
"Сокулуктан ушундай мыкты оюнду күткөнбүз. Оюнга 1 ай даярдандык. Аргымагым чоң оюнга биринчи жолу чабылганына карабастан, жакшы оюн көрсөтүп берди", - деди команда капитаны.