"Сокулук" командасынын капитаны Эрлан Ибраимов: "Мыкты жаш чабуулчубуздун жоктугу бүгүн аябай сезилди"

Бүгүн, 20-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча Биринчи Лиганын үчүнчү оруну үчүн оюн болуп жатат. Ат майданына Таластын "Бакубат Талас" командасы менен Чүйдүн "Сокулук" командасы күч сынашты. Жыйынтыгында "Бакубат Талас" буллиттен 3:0 эсебинде жеңишке жетишти.

"Бакубат Талас" командасы күчтүү экен. Анын үстүнө, мыкты деген атыбыз жана оюнчубуз жаракат алып, оюнга чыккан жок. Алардын орду билинип турду. Мындан сырткары буга чейин 5 оюн өткөрүп, аттарыбыз да чарчап калды. Буйрук экен жеңилип калдык", - деп билдирди Эрлан Ибраимов.

"Ала-Тоо" "Сары-Өзөндөн" утулса, "Бакубат Талас" Биринчи Лигада 3-орунду алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан