Бүгүн, 21-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында "Нооруз-2021" иш-чарасы болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, дипломаттык корпустардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаар тургундары жана коноктору катышкан. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов Нооруз элдин жүрөгүнөн орун алган, өзгөчө майрам экенин белгиледи.
"Нооруз аруулуктун, тазалыктын майрамы. Эл жыл тогошоор маалды чыдамсыздык менен күтүп, молчулуктун жана токчулуктун жылы болсун деген ниетте майрамдап келген. Өткөн жыл кыргыз эли үчүн гана эмес, дүйнө эли үчүн оор болду. Кыйын кырдаалда бир муштумга биригип, бири-бирибизге жардам берип, ынтымак менен жеңип чыктык. Жардам берген ар бир жаранга терең ыраазычылык билдирем. Ар бир үйдө майрам, той-тамаша гана болсун деп тилейм. Түшүмүбүз мол болуп, ар бир үйгө жакшылыктарды каалайм", - деди Сарыбашов.
Борбордук аянттагы майрамдык иш-чара Ош шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулган концерттик программа менен уланып, театрлаштырылган көрүнүштөр менен коштолду.