"Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси клубунда эң көп оюн өткөрүп рекорд койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
22-мартта Испания Ла лигасында "Барселона" "Реал Сосьедад" клубу менен кез келип 6:1 эсеби менен жеңип алды.
Анда Месси атаандаштарына 2 гол киргизип айырмаланды. Бул оюн Месси үчүн "Барселонанын" катарындагы 768-оюну болуп калды. Ошентип ал "Барселона" клубунун мурдагы капитаны Хави "Барселона" клубу үчүн ойногон оюндарынын санынан ашып өттү. Буга чейин Хави "Барселона" клубунун футболкасын кийип 767 жолу оюн өткөргөн.