Өлкөдө күн карама жана пахта майынын орточо баасы жыл ичинде 1,6 эсеге жогорулады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, комитет тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча бааларга көзөмөл жүргүздү. Анда негизги социалдык маанилүү продуктылардын орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингинин жыйынтыктары чыкты.
18-мартка карата күн карама майына болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 164 сом 78 тыйынды түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,7 эсеге өскөнүн көрсөттү. Ал эми пахта майынын баасы 153 сом 17 тыйынды түздү жана 1,5 эсеге өстү.
Күн карама майынын бааларынын эң жогору өсүшү өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу Чаек айылында жана Токтогул, Жалал-Абад, Каракол, Токмок шаарларында 1,8 эсеге өскөнү катталды.
Ал эми минималдуу баалар: