Эне тилге эки мүнөт: "Ат өлтүрө келүү", "Чычкан мурдун канатпоо" фразеологизмдеринин мааниси

Тектеш кабарлар: "Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын топтому (41 материал)

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында "уйдун бөйрөгүндөй", "ат өлтүрө келүү", "чычкан мурдун канатпоо" фразеологизмдеринин маанисине көңүл бурабыз. Себеби эл арасында бул сөз айтылганы менен көпчүлүк маанисин биле бербейт эмеспи. Аталган фразеологизмдин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешалиев айтып берди.

Уйдун бөйрөгүндөй - башы кошулбаган, бирикпеген, ынтымагы жок, бири-бирине жакындашпаган. Мисалы, Айтпадык беле. - Жолдошу жаман жоого алдырат. Шүнтүп уйдун бөйрөгүндөй болуп шүмүрөймөкпүз (Шүкүрбек Бейшеналиев). 2. Анча көп эмес, аз эле, кичинекей. Уйдун бөйрөгүндөй болгон аз эл.

Ат өлтүрө келүү - өлөр-тирилерине карабай тез жүрүү. Мисалы, Тергөөчүлөр райондон жөнөгөндө Маатынын досу Ашыр деген ат өлтүрө келип, Маатыга кабар кылат (Касымалы Жантөшев).

Чычкан мурдун канатпоо - эч мал сойбоо, түк эт көрбөө, кан чыгарбоо. Мисалы, Борбордогу окуудан балдарың келип отурса, чычкан мурдун канатпасаң уят эмеспи (Шүкүрбек Бейшеналиев). Кызын узатып жатып, чычкан мурдун канатып койбоптур (Узакбай Абдукаримов).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан