Биз социалдык тармакта

Өкмөт үйүнүн алдында Абхазиянын номери менен жүргөн айдоочулар митингге чыгышты

Бүгүн, 23-мартта Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында Абхазиянын номери менен жүргөн айдоочулар митингге чыгышты.

Нааразы болуп чогулгандар Абхазиянын унааларынын көйгөйүн кыргыз элинин пайдасына чечип бергиле деген талап менен чыгышкан. Алар "өлкө ичинде Абхазия номерлери менен жүрүүгө уруксат бериңиз", "Садыр Жапаров биздин көйгөйдү чечип бериңиз" деген өңдүү плакаттарды кармап алышкан.

Митингге чыккандардын бири: "Биздин чыгуубуздун себеби, Абхазия унааларын сатып алып жатканда тыюу салынганын эч ким билдирген эмес. Мен муну каттоо кызматынан дагы тактагам. Унааларды көпчүлүк насыяга алышкан. Акыркы күндөрү токтотуп жатышат, эмнеге токтотуп жаткандарын өздөрү билишпейт. 3 жылдан бери мындай унаалар жайма-жай айдалып жүрүп эле эми тыюу салынып, токтотуп салгандары туура эмес. Абхазия номер болгону менен кыргыздар эле айдап жүрөбүз да. Ушул маселени чечип беришин талап кылып жатабыз. Бул эч кандай транзиттик номерлер эмес, ЕАЭБде деле 1 жыл ичи айдаганга уруксат берилген, бул жерде көпчүлүгүнүн унааларына 3 ай боло элек", - деди.

Буга чейин Бажы кызматы Абхазиянын номери тагылган автоунааларды албоого чакырып, алар кармалып токтотулуп жатканын кабарлаган.

Индияда илбирс 5 адамга кол салып, 11 айлык ымыркай каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aitiev1210
2021-03-23 12:55:52
Неге ушинтип эле жонокой элди кыйнай беришет, Эгер болбой турган болсо неге КРге киргизишет, киргенде айтып коюшпайбы алып-сатканга болбойт деп, анан эле чыга калып болбойт дегени туура эмес, мамлекеттик органдардан ката кетсе, ошолордун жетекчилери жооп берсин
+6
Apyn8793
2021-03-23 13:13:33
Сапар Исаков го
+10
bond0202
2021-03-23 18:29:27
Apyn8793,машина менен бизнес кылып баштаган го
+1
Mustafo
2021-03-23 13:31:14
Көк меелер таможенный союзга кирбеген өлкөлөрдөн алып келинген унаалар каттоого койулбайт деп айтып какшап эле ататко , билмексен болосуңарда тупойлор
+10
Aybiyke
2021-03-23 13:36:42
Баары каалагандай Боло берсе мамлекет деген кайда калат кичине законго баш ийгиле
+12
Neiro
2021-03-23 14:20:34
Законго баш ийишибиз керек
+7
Jacob.
2021-03-23 15:45:06
Кунумдук жашоо менен жашаганыбыз мына ушул жерден билинет. Арканды узун таштап келечегин ойлосонор Абхаз машинесине жакын жоломок эмессинер...
+1
Kombi
2021-03-23 21:52:12
Эл кымбат машинени ала албай жатат. Ошондуктан ал жактан арзан алды.
Бул буйрук ЕАЭБ тики ойумча. Элдин пайдасына чечсин. Же бир жыл кирип чыгап кайра журсун. Башка мусор машина абага зыян
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан