Ошто эркек кишинин жансыз денеси жаракат алган абалда табылды

Бүгүн, 23-мартта Ош облусунан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Күкүм-Бий көчөсүнөн эртең мененки саат 08:00 чамасында денесинде жаракаты бар белгисиз жарандын жансыз денеси табылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "адам өлтүрүү" белгилери менен катталып, кылмышты жасаганга шектүү жарандар изделип жатат.

"Бул туурасында жергиликтүү жашоочулар Ош ШИИБине кабарлаган. Жаранды кароо учурунда анын денесинин ич бөлүгүндө бир нече учтуу нерсенин кирген белгилери бар. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Маркумдун жашы болжол менен 30-35 жашта. Үстүндө күрөӊ түстөгү свитер, көк түстөгү спорттук шымы болгон. Кыска сакалчан. Окуянын иликтениши боюнча кошумча маалымат беребиз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazarnew
2021-03-23 15:16:38
Зек келип криминал башын көтөрдү да, кантип муну билишпейт.
0
Kadyrova_
2021-03-23 16:12:02
nazarnew,Анда сен бол президент ушул президентти сындагандарга жиним келгенде чайнап салгым келет.Алланын кадыры түшкөн адам падыша болот.баардык эле адамга буйруй бербей жакшыбы жаманбы сабыр кылып Алладан тынштык тилейли.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан