Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсүндө дагы бир эл аралык аэропорт түзүлөт

Өлкөдө дагы бир эл аралык аэропорт ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашты.
Маалым болгондой, "Манас" эл аралык аэропорту менен Жалал-Абад облусундагы алтын кенин иштетип жаткан "Эти-Бакыр-Терексай" компаниясынын акционерлеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Анын натыйжасында түркиялык инвесторлор тарабынан "Кербен" аймактык аэропортун реконструкциялоо жана кеңейтүү ниети болгон.
"Кербен" аэропортунун инфраструктурасын жаңылоо, кеңейтүү иштеринен кийин жүргүнчүлөр каттамын аткаруу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. "Эти Бакыр-Терексай" компаниясы "Кербен" аэропортун модернизациялоого түз инвестицияларды салууну пландаштыруу боюнча кызматташуунун жолдору талкууланып жатат.
Бул кызматташуунун жыйынтыгында “Кербен” аэропортунда эл аралык стандарттарга жооп берген учуп-конуу тилкеси пайда болот. Реконструкцияланган аэропорт эл аралык аэропорт макамын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", - дешти мекемеден.
Маалымат үчүн:
“Эти Бакыр-Терексай” – “Кыргызалтын” (25%) менен түркиялык “Эти Бакыр” (75%) компаниясынын биргелешкен ишканасы.
2015-жылы түрк инвесторлору Терек, Тереккан жана Перевальное алтын кендерин иштетүү боюнча тендерди жеңип алышып, үч кенди иштетүү укугу үчүн 20 миллион доллар төлөп беришкен.
Инвестор - белгилүү Cengiz Holding конгломератынын курамына кирген түркиялык ири "Eti Bakir A.S" компаниясы. Аталган компания Түркиядагы эң ири тоо-кен жана жалгыз жеке жез өндүрүүчү ишкана.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tynar92kg
2021-03-23 19:19:18
Өтө жакшы болот эле... Аксыга 45 минутада эле жетмекбиз Бишкектен...
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан