Базарбек Абдраев: "Конуш деген түшүнүктөн кетип, шаардын территориясы бүтүн бир субъект катары каралышы керек"

Быйыл, 11-апрелде өтө турган жергиликтүү шайлоого аттанган “Эмгек” саясий партиясынын тизмесинде демилгелүү, жаратман жана бир пикирдеги санаалаштар арбын экени талашсыз. Дал ушундай жаш, мыкты лидерлердин бири Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына “Эмгек” партиясынан аттанып жаткан Базарбек Абдраев менен маек курдук.

  • Саламатсызбы, Базарбек мырза. Алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?

  • Саламатсызбы, мен 1983-жылы 24-апрелде Алай районунда төрөлүп, балалык чагым ошол жакта өткөн. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин борбор шаарыбыз Бишкекке келип, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде, андан кийин Кыргыз улуттук университетинде финансы жана кредит кесиби боюнча билим алдым. Окууну ийгиликтүү аяктагандан кийин банкта, салык кызматында жана Жогорку Кеңеште иштедим. 2016-жылдан тарта Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, жергиликтүү өз алдынча аткаруу комиссиянынын төрагасы болуп иштеп келем. Үй-бүлөлүүмүн, 4 баланын атасымын.

  • Сизди Бишкек шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын эң активдүү депутаттарынын бири катары билебиз. Эл өкүлү катары Бишкек шаардык кеңешинде кандай демилгелерди көтөрүп жана кайсы иштердин өтөөсүнө чыга алдыңыз?
  • Мен Бишкек шаардык кеңештин 27-чакырылышынын депутаты катары шаардык кеңеште каралган дээрлик бардык маселелерге катыштым деп айта алам. Анын ичинде жеке демилгем менен Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушуна акыркы беш жыл ичинде 20 миллион сомдон ашык суммага иштер аткарылды. Алардын ичинен белгилей кетсек, Ак-Ордодогу мектепке чатырча курдуруп, бир класс парта-стулдар менен толук камсыздалды. Андан сырткары Тагай Бий жана Гагарин көчөсү жарыктандырылып, ушул эле көчөлөрдүн кесилишине заманбап сквер курулду. Ал жакка 431 даана жетилген көчөт отургузулуп, 6302 чарчы метр жерге газондун уругу себилди. Бирок бул эс алуучу жайды сугат суу менен камсыз кылуу маселеси орчундуу болгондуктан 120 метр тереңдиктен кудук казып, андан тартылып алынган суу менен скверди гана эмес, ага жанаша жайгашкан мектепти жана жакын үйлөрдү камсыздоо алдында турат. Негизи эле Ак-Ордодо суу маселеси курч болгондуктан мен депутат болуп келгенден кийин эле бул маселени чечүү үчүн атайын текшерүү кылып, Сокулук районуна кетип жаткан суу түтүктөрдү буудуруп, атайын эсептөөчү эсептегичтерди койдук. Ошондон кийин суу маселеси бир аз да болсо чечилгендей болгон. Бирок бул толугу менен чечилдик дегендик эмес. Себеп дегенде конушта жашаган адамдардын саны күндөн-күнгө өсүп бара жатат. Ошондуктан жергиликтүүлөрдүн санына жараша керектелүүчү суунун көлөмүн дагы көбөйтүшүбүз керек. Аны менен бирге эле бул конуштагы 16 көчөгө 254 мамыча орнотулду жана 8 чакырымдан ашык электр зымы (СИП) тартылды. Алар Кут-Ордо, Ак-Ордо, Шамшы, Долон бий, Кырчын, Чоң-Ак-Суу, Атабай, Калыс, Садыр аке, Асыл, Аргымак, Акыл карачач, Курсант, Курсант Батыш, Какен апа көчөлөрү. Негизи эле бул конуш түптөлгөндөн бери электр энергиясына байланыштуу маселе орчундуу болуп келет. Мындан тышкары Садыр аке, Ак-Дөлөт көчөлөрү жарыктандырылды. 2021-жылдын иш планына Кытайдан келген гранттын эсебинен Каркыра көчөсүнө толугу менен асфальт төшөлүп, арык жана тротуар салынат. Мындан сырткары суу, жол, канализация, таштанды жана транспорт сыяктуу күнүмдүк көйгөйлөр боюнча шайлоочулардын кайрылууларын жоопсуз калтырбай, маселени жеринен чечип келе жатабыз. Экинчиси Биринчи Май районуна караштуу 12-МАБ. Аталган тилкедеги Малдыбаев менен Скрябин көчөлөрүнө асфальт төшөлүп, жарыктандырылды. Малдыбаев көчөсүнө жаңы сквер курулду. Ушул эле МАБдын аймагындагы Панфилов көчөсүнө балдар ойноочу аянтча курулду. Ала-Тоо жаңы конушуна канализациялык-насостук станция куруу үчүн 6 миллион сом быйылкы жылдын бюджетине киргизилди.

    Шаар боюнча айта турган болсок, ордо калаанын күнүмдүк жашоосуна керектелүүчү ченемдик-укуктук актыларды демилгелеп жаттым. Мен жеке өзүм комиссиянын туруктуу төрагасы катары демилгелеп, кабыл алынган токтомдордун бири - бул Бишкектеги жерлерди ижарага берүүгө мораторий жарыялоо болду. Шаардын ичиндеги 60 борбордук көчөнүн жээгинде, базардын тегерегиндеги көчөлөрдө жеңил конструкциядагы темирден жасалган курулуштарды тургузууга мораторий киргизгенбиз. Муну менен шаарыбызга кошкон чоң салымым деп эсептейм. Анткени бүгүн шаарыбызда жаңы салынган көчөлөрдүн боюнда жеңил конструкциядагы темирден салынган курулуштарды курууга бөгөт коё алдык.

  • Сиз “Эмгек” партиясынын катарында кайрадан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер катары шайлоого бара жатасыз. Бул партияны тандап алууңузга эмне түрткү болду?
  • Биринчиден, “Эмгек” партиясы буга чейин бийликке келип, коррупцияга аралашкан эмес, таза жана келечеги бар партия деп эсептейм. Экинчиден, Бишкек шаардык кеңешинин 27-чакырылышынын депутаттарынын ичинен жеке өзүнүн оюн айта алган, борбор калааны өнүктүрүүдө өзүнүн көз караштары бар кыргыздын уул-кыздары биригип, жакшы бир команда болуп шаардык кеңешке келсек деп максат кылчубуз. Ушундай адамдар “Эмгек” партиясынын курамына чогула алдык. Бул команда шаардыктардын көйгөйлөрүн жакшы билген жана эң активдүү делген Жаныбек Болотбекович, Руслан Шергазиевич, Бактыбек Кемелович, Сергей Романович, Жумабек Мамытбаевич, Эльмир Акуналыевич, Эрмек Сыргакович, Асель Айтбаевна сыяктуу жаратман адамдардан түзүлдү. Анткени биз борборубуздун ички маселелерин жана аны чечүүнүн жолун да жакшы билебиз. Себеби өзүбүздүн максаттарыбыз, пландарыбыз бар жана аны ишке ашырууга акыл-эсибиз жетет. Ошондуктан ушул партияны тандап алдык.

  • “Эмгек” партиясы Бишкек шаарындагы конуштарды өнүктүрүүнү өзгөчө максат кылып алып кетип жатасыздар. Бирок кантип деген суроо жаралат?
  • Биздин “Эмгек” партиясынын программасында жаңы конуштарды өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Тактай кетсек, шаарыбызда 48 макамдуу жана 7 макамсыз конуш бар. Бул калктуу пункттар жашоо-шарттары шаардын борбордук бөлүгү менен салыштырганда аябай эле начар абалда. Мунун себеби бюджеттен бөлүнгөн каражаттын дээрлик көпчүлүк бөлүгү ушул күнгө чейин шаардын борбордук бөлүгүнө жумшалып келгендигинде. Далил катары Бишкектин бюджети шаардык муниципалдык ишканалар арасында бөлүнгөн. Ошол эле муниципалдык кызматтын көпчүлүгү кызмат көрсөтүүдө жаңы конуштарды камтыбайт. Бул айрым муниципалдык кызматтар жаңы конуштарга эч кандай кызмат көрсөтпөйт дегенди билдирет. Мисалы, “Бишкек жылуулук энерго”, “Жашылдандыруу”, “Капиталдык курулуш башкармалыгы” жана “Тазалык” муниципалдык ишканалары. Мисалы, шаарды жылуулук менен камсыздоого кеткен чыгымдардын жарымы ордо калаанын бюджетинен субсидия жолу менен камсыздалат. Ошол эле убакта жаңы конуштун жашоочулары кышкысын жаккан көмүрдүн жарым акчасын төлөп берген жокпуз да. Бул бир эле мисал. Ушул сыяктуу көп кызматтарды конуштар колдоно алышпайт. Ошондуктан биз жалпы эле конуш деген түшүнүктөн кетип, шаардын территориясы бүтүн бир субъект катары каралышы керек деген максатты алдыбызга коюп жатабыз.

  • Базарбек мырза, негизи шайлоо акчалуулардын эмес, программалардын, идеялардын атаандашы болушу керекпи?
  • Туура айтасыз. Негизи партиялардын ортосундагы атаандаштык же күрөш программалардын ортосунда болушу керек. Шайлоочулар да ошол нерсени түшүнүп, партиянын лидерине эмес, кандай программалары бар экенине карап добуш бериши зарыл. Буга чейин шайлоочулар акчалуу, куру убадаларды берип келген партияларга ишенип, канча жолу алданды. Анын жыйынтыктары кандай болоруна баарыбыз күбө болдук. Ошондуктан биз куру убадалардан алыс болуп, күчүбүз жете турган жана өзүбүз аткара ала турган иштерди гана программабызга киргиздик. Бул нерсени шайлоочуларга далилдеп берсек, алардын да мындан аркы программалар менен жакындан таанышып жана тыкыр иликтеп, ошого жараша добушун туура берет деген тилегим бар.

  • Сөз соңунда сизге эркин микрафон...
  • Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана жашоочулары! 11-апрелде шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо болот. Бул иш-чарада ар бир бишкектик эң татыктуу партияга добуш беришин каалайт элем. Себеби дагы куру убадаларга алданып калбаңыздар. Анткени убадалар менен шаардын көйгөйлөрү чечилип кете турган болсо, буга чейин көйгөйлөр чечилип калмак. Ошондуктан элдин көйгөйүн терең билген, иштин көзүн тапкан жаратман, жаш лидерлерден турган командага добушуңуздарды бериңиздер. Талапкерди көрбөй жана программасы менен таанышпай туруп добуш бербестен тууган, тааныш деген түшүнүктөн алыс бололу. Себеби шаарыбыздын алдыдагы төрт жылдык тагдырын чечүү сиздердин өз колуңуздарда. Бул төрт жыл тарых үчүн аз убакыт болгону менен, ар бир адамдын жашоосу үчүн өтө эле көп убакыт. Бул убакыттын ичинде калаабыз үчүн көп жакшы иштерди аткарып, Бишкекти өнүктүрсөк болот. Ошондуктан урматтуу бишкектиктер, ар бир добушуңуздарга кайдыгер карабаңыздар. Эгер сиздер “Эмгек” партиясын тандап, бизди колдосоңуздар, анда биз сиздер менен бирге Бишкекти чогуу өнүктүрөбүз жана демилгелүү шаарды курабыз!

"Эмгек" саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Омуралиева тарабынан каржыланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан