Биз социалдык тармакта

Дүйнөдө мунайдын баасы дагы 20 пайызга өсүшү мүмкүн экени айтылды

Дүйнөдө мунайдын баасы дагы 20 пайызга өсүшү мүмкүн экени айтылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Кубаныч Турдубаев билдирди.

Кубаныч Турдубаев билдиргендей, январь айынан бери Орусиядан Кыргыз мамлекетине алып келинген күйүүчү май 7-10 сомго, дизель 3,2-4,8 сомго чейин кымбаттады. "11-марттан 20-мартка чейин күйүүчү май 3-4 пайызга өстү. Дүйнөдө баалар дагы өсүп жаткандыктан кымбаттап жатат. Дүйнөлүк фонддордун дагы божомолуна таяна турган болсок, мунайдын баасы дагы 20 пайызга чейин өсүшү божомолдонуп жатат. Биз кандай чара көрөбүз? Мунай кайра иштетүү заводун толук кандуу иштетишибиз керек. Аны менен 2 миллион 215 миң тонна мунайды иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. Азыр Кыргыз мамлекетинде мунайды керектөөсү 1 миллион 300 миңди түзөт. Биз калкты, өнөр жай жана айыл чарба тармактарына баарын камсыздай алабыз”, - деди ал.

"Өкмөт башчы акимдерди "таштанды чыгарбайсың" деп зекип жатат". Депутат өкмөттүк саат өткөрүүнү сунуштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KGZ-RUS
2021-03-24 16:26:12
Атанын башынабы уже тушуп баратат
+2
Rahat.
2021-03-24 22:17:16
Ушундай жондой албаган жетекчини неге коет жумушка нефти турат завод бар иштетпейби элдин башын айлантпай.Же контрабандага жол ачып берсин эки кундо толтурат кыргыз жигитер арзан баада
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан