Биз социалдык тармакта

"Биз үчүн бул жакта жашаш аябай коркунучтуу болуп калды". Баткендин кичинекей тургуну Садыр Жапаровго кайрылды

Баткен облусунун Көк-Таш айылынын кичинекей тургунунун президент Садыр Жапаровго кайрылган видеосу социалдык тармакта тарады. Анда ал аты Адил экенин айтып, президенттен чек ара маселесин чечип берүүнү суранган.

"Урматтуу Садыр Жапаров! Мен Баткен облусунун Көк-Таш айылынан болом. Тактап айтканда, былтыр менин үйүмдү өрттөп кетишкен. Мен бул жакта жашагандан корком. Анткени эки метр ары жакта тажиктер жайгашкан", - деп видеодо чек араны көрсөткөн.

"Бул бетондун ары жагында Тажикстан. Биз үчүн бул жакта жашаш аябай коркунучтуу болуп калды. Сизден суранарым, чек ара маселесин чечип бериңиз", - дегенин видеодон угууга болот.

Баткен облусунун кичинекей тургуну Садыр Жапаровго кайрылды
Өзбекстанда келин 3 кызы менен кошо поездге боюн таштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kuban-1207
2021-03-24 15:07:23
Коркпой эле жашай бергиле мурункудай эле
-10
Aibek_eka
2021-03-24 15:41:46
Чек араны чечип 5 метилик забор мн тосуп ташташ керек
+8
AdylbekB84
2021-03-24 16:06:12
Азаматсың ушул чек ара маселесин бат- баттан айтып эстетип тургула бийликтегилерге! Мектеп салып бер, садик салып бер, спорт комплекс салып бер жок, чек араны чечип бер...
+6
akmanai
2021-03-24 19:47:08
Жаш балдарды саясатка курал катары пайдаланбагыла. Бала балалыктын таттуу доорун гана суруш керек.
+1
nazira...
2021-03-24 20:14:16
akmanai,курал-пурал эмес бул жерде. Ошондой ачык границада эки метр жакын жерде жашаш эненин оюну эмес. Бала ыйлабаса деген сөз чын, ыйлай берсин бири болбосо бири ойгоноттур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан