Биз социалдык тармакта

Депутат: "Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 8 миллиард кубга жакындап калды"

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев Токтогул суу сактагычындагы абал боюнча Энергетика министри Кубанычбек Турдубаевге кайрылды.

"Суу сактагычта суу күн сайын азайып бара жатат. Суунун көлөмү 8 миллиард кубга жакындап, коркунучтуу чегине жетип калды. Бул боюнча кандай чаралар көрүлүп жатат?", - деди Тиллаев.

"Суунун деңгээли коркунучтуу чегине жетип калганын айтканбыз. Бул маселени чечүү үчүн сырттан 1 миллиард киловатт электр энергиясын сырттан алып келишибиз керек. Буга байланыштуу Өзбекстан жана Казакстандан электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдерге кол коюлуп, 1-марттан тарта электр энергиясы аталган өлкөлөрдөн алынып келинип жатат. Бүгүнкү күнгө чейинкиси 120 миллион киловатт болду. Мындан сырткары Бишкек ЖЭБинде өндүрүлгөн энергияны кеминде 1 миллиар киловаттка жеткиришибиз керек. Үчүнчү кадам ички керектөөнү азайтышыбыз керек. Кандай жол менен азайтуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди Турдубаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aiymkan89
2021-03-24 22:52:08
Озубуздо суу туруп сырттан сатып келет
0
aslan_akjol89
2021-03-25 15:34:04
Ички керектоону и так эле сыгып жатасынар го,суточный лимит менен сатып.Дагы кантип азайтаар экенсинер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан