Биз социалдык тармакта

Бажы кызматкери Бишкекте өткөн сумо турниринде жеңишке жетти

Бажы кызматкери Бишкекте өткөн сумо турниринде жеңишке жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Бишкекте сумо күрөшү боюнча ачык чемпиондук болуп өткөн.

"Мелдешке өлкөнүн бир катар аймактарынан 150дөн ашуун балбан катышты. 18 жашка чейинки жаш балбандар жана чоңдор күч сынашты. Чоңдор 65, 70, 85, 100 жана 115 килограмм салмакта, балдар 35, 42, 48, 55, 65 жана 70 килограмм салмакта күч сынашты.

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Алмаз Эргешов жарым финалда Тилек Усуповду утуп, финалда Ильяз Нурланбек уулун жеңип, сумо боюнча чемпион болду. Алмаз Эргешов Азиянын эки жолку, өлкөнүн көп жолку чемпиону, спорттун ушул түрү боюнча көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shapak1979
2021-03-24 17:27:15
Ооба да таможник же чиновник эле ушундай семире алат)
+4
KaGaH
2021-03-24 20:28:03
Чыныгы бажы кызматкери )))
+1
Mister-XXX
2021-03-25 19:52:11
Өзү майлуу жерде иштегендерден сумоист чыгат да."Тазалыкта"иштегендерден мындайдар никогда чыкпайт.
0
Tyty1990
2021-03-26 15:35:01
Жей берип жарылайын деп калыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан