
Индияда коронавирустун кош мутациялуу жаңы варианты табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Буга чейин Индиянын медициналык изилдөө кеңеши өлкөдө коронавирустун кыйла коркунучтуу Түштүк Африка жана Бразилия варианттарын жуктурган учурлар табылгандыгы жөнүндө билдирген.