Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму быйыл коронавирус былтыркыдан дагы оор болушу мүмкүн экенин жарыялады

Коронавирус пандемиясынын экинчи жылы биринчи жылга караганда кыйыныраак болушу мүмкүн. Мындай пикирин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан түз эфирде билдирген.

"Биз коронавирус илдети менен чогуу экинчи жылды баштап жатабыз жана анын жайылуусун, биз байкаган айрым көйгөйлөрдү эске алганда быйылкы жыл былтыркыдан дагы кыйын болуп калышы мүмкүн", - деген Райан.

Мындан тышкары Райан акыркы эки жумада уюмга келип түшкөн маалыматтар оорунун кайрадан жогорку чегине жеткенин айгинелейт деп баса белгиледи. Анын айтымында, учурда Түндүк Америка жана Европа коронавирустан катуу жапа чегүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2021-01-14 11:00:35
Ооооозуңа кара таш!!!!!!!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан