Кыргыз мушкерлери Түркияда өткөн эл аралык мелдеште 4 медаль жеңди

Кыргыз спортчулары 16-20-март күндөрү Стамбул шаарында өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште 4 медаль жеңишти. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 52 килограмм салмактык категорияда Азат Усеналиев алтын медаль тагынды. Ал эми Акылбек Эсенбек уулу (57 килограмм) күмүш медаль жеңди. Адылбек Эркин уулу (81 килограмм) жана Бекжигит Өмүрбек уулу (75 килограмм) 3-орундарды ээлешти.
Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн атынан 12 спортчу башкы машыктыруу Данияр Жусубалиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан