SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов болду.
"Өмүрбек Текебаев менен мамилем сый. Жолугуп калган жактан сүйлөшөбүз. Мурдагыдай издешпейбиз, сагынышпайбыз. Жолукканда ден соолук тууралуу сүйлөшөбүз. Ал кишинин ден соолугунда маселелер бар. Ал 30 жашынан баштап оппозицияда жүрдү. Оппозиция болуу элдин баарынын колунан келе бербейт. Ага мүнөз, өжөрлүк, акыл-эс керек. Анын баары Өмүкеде (ред. Өмүрбек Текебаев) бар. Эң жаманы ден соолукту алып коёт. Биринчи ден соолугун, анан үй-бүлөсү тууралуу сурайм.
Өмүрбек Текебаев экөөбүздүн ортобузда бир эле жолу пикир-келишпестик болгон. Экөөбүз ага-инидей болуп жүрчүбүз. Мен ага чын ниетимден жакшылык каалайм. Ал менен мындан ары саясий мамиле болбойт", - деди ал.