Биз социалдык тармакта

Ошто акимдердин, орун басарларынын аттестациялоосу аяктап, 1 адам кызмат ордунан көтөрүлүүгө сунушталмай болду

Ош облусу боюнча район акимдеринин жана алардын орун басарларынын аттестациялоо иши аяктады. Аттестациялоо 24-мартта жыйынтыкталганын Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти.
Аттестациялоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн 18 талапкерден 1 талапкер 50 пайыздык босогодон кем балл алгандыгына байланыштуу аттестациянын кийинки этабы болгон комиссиянын мүчөлөрү менен өтүүчү аңгемелешүүгө киргизилген жок.
Аттестациянын жыйынтыктоочу этабы болгон аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:
1 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет, кызмат боюнча көтөрүлүүгө сунуш кылынат;
13 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет;
4 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баага ээ болушту.
Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча өкмөткө аттестациялык комиссия тарабынан сунуш киргизилет. Кийинки аттестациялоо бекитилген графикке ылайык башка облустарда өткөрүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
oopapa
2021-03-25 09:24:30
Кайсы адам экен аты жону барбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан