
28-мартта жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык Ташкент марафонуна катышат. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынан билдиришти.
Аталган мелдеште Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча курама командасы төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:
1. Дарья Маслова, ЭДСЧ;
2. Адилет Кыштакбеков, ЭДСЧ;
3. Жоодар Кочконбаев, СЧ;
4. Илья Тяпкин, ЭДСЧ;
5. Мария Коробицкая, ЭДСЧ;
6. Гульшаной Сатарова, ЭДСЧ;
7. Татьяна Борисова, машыктыруучу.
Белгилей кетсек, спортчулар 25-марттан 29-мартка чейин Ташкент шаарына Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык иш сапарга жөнөтүлөт.