"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Ала-Бука-Чаткал жолун оңдоо иштери 15 күндүн ичинде башталат" дешти тиешелүү мекемеден

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө "Ала-Бука-Чаткал жолунун онунчу чакырымынан баштап 80-90-чакырымына чейин жолдун абалы мышык ыйлагыдай" деп окурман кайрылган.

Бул боюнча Жол чарба департаментине караштуу №27 жол тейлөө мекемесине кайрылганыбызда, аталган мекеменин кызматкерлери төмөнкүлөрдү билдирди.

"Учурдагы оңдоо иштери Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автожолунун 45-55-чакырымында жолду тегиздѳѳ иштери жүрүп жатат. Ал эми жогоруда айтылган 80-90 чакырымды оңдоо иштери 15 күндүн ичинде жүргүзүлѳт. Учурда ал жолдо кар жаткандыгына байланыштуу тегиздѳѳ иши жүргѳн жок. План боюнча аталган жолго жылына 2 жолу жер тегиздѳѳ иштери жургүзүлѳт", - дешти мекемеден.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан