Биз социалдык тармакта

Депутат Кербен шаарына таза суу киргизүү боюнча иш начар аткарылып жатканын айтты

Депутат Умбеталы Кыдыралиев Кербен шаарына таза суу киргизүү боюнча иш начар аткарылып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кербен шаарына таза суу киргизүү боюнча 280 миллион сомдук грант бөлүнүп, 210 миллион сомдук тендер өткөрүлгөн. Утуп алган компания 45 километр суу түтүктөрүн орнотушу керек болчу. Бирок иш начар аткарылып, сапаты каралбай калган. Аталган маселени өкмөт жана прокуратура көзөмөлгө алышы зарыл", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан