Бүгүн, 25-мартта Бишкекте байыркы кыргыз жазуулары эстелигинин ачылыш аземи өтүп жатат.
Иш-чарада тарыхчы Кыяз Молдокасымов кыргыз элинин маданияты байыртадан эле болгонун баса белгилеп өттү.
"Бул таш үстүндөгү кичинекей эстелик кыргыздын маданиятын, жазуусун айтып бере турган эстелик.
Кыргыз сабатсыз, кат сабаты жок караңгы эл деп жалпы элдер айтып келген. Ал эми кыргыздын маданияты байыртадан эле болгон. Ага далил катары дал ушундай баалуу эстеликтер мисал боло алат. Эгер кыргыздын жазуусу жок болгондо Барсбек баатыр жөнүндө эч кандай маалыматтарга ээ болмок эмеспиз. Биздин кошуна элдер башка өлкөлөрдө тарыхын изилдеп жүрөт. Бизде бул багытка жакшы көңүл бурулбай келет", - деди тарыхчы Кыяс Молдокасымов.
Ошондой эле учурда Орхон Енисей жазууларынын саны 700гө жетти. Жазма эстеликтеринин ээси - бул байыркы кыргыздар. Учурда аталган жазуулар изилденип жатканы аземдин жүрүшүндө айтылды.