СУПЕРСТАН: "Качан күйөөгө тиесиң? Боюңда барбы? Жок дегенде өзүң үчүн төрөп ал..." Эмне үчүн биздин коомдо бирөөнүн жашоосуна кийлигишкенди жакшы көрүшөт?

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Качан күйөөгө тиесиң?" деген тема талкууга алынган.

АВТОР: Эмнегедир көп өлкөлөрдө, анын ичинде биздин Кыргызстанда дагы турмушка чыгуу маселеси жаш кезинен түйшөлтүп, аялдардын негизги маселесине айланган. Кызды бала кезинен тартып эле "кыз-үйдө болгону конок" деген ойду кулагына куюп, келечекте бирөөнүн үй-бүлөсүнө берүү үчүн чоңойтуп жатканын айтышат. Көпчүлүк ата-энелер кыздарын аялдамада кийинки спортчуга өткөрүп бере турган олимпиада отундай кылып кайтарып алып жүргөнсүйт. Ошол кийинки спортчу анын күйөөсү. Айтор, кыз ата-энесин уятка калтырбаса экен, алардын бетин жер каратпаса экен, баркын түшүрүп албаса экен, тезирээк турмушка чыкса экен деген эле ойлор.
Эмнегедир айланаңдагылар сенин турмушка чыга электигиң жөнүндө өз оюн айтууну кайтарылгыс укугу катары эсептешет.
"Чынын айтчы, жок дегенде жигитиң барбы? Болбоду дегенде эле аялы бар көңүлдөш таап, боюңа бүтүрүп ал. Болбосо, баласы жок жүрүп өтүп кетесиң. Анан дагы... Сен өтө ачык түстө боёносуң. Арыкташың керек. Кыялданганды токтотуш керек. Кайсы бир ханзаада келип, сага үйлөнөт дегенди токтот. Тегеректе күйөөгө тие элек 18 жаштагы кыздар толуп турганда сендей аялдардын аларга кереги не?" , - жана башка ушул сыяктуу сөздөр көп айтылат.
Айтайын дегеним эмне себептен биздин коомдо өзгөчө кыз-кишинин жашоосуна аралашканды жакшы көрүшөт?
Талкууга кошулуу үчүн бул жерди басыңыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан